Бишкекте Свердлов райондук сотунун судьясынын отставкасын талап кылгандар митингге чыгышты

Бүгүн, 18-августта Жогорку Соттун алдында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулованын отставкасын талап кылып митингге чыгышты.

Митингдин катышуучуларынын бири Раджаб Абдурасуловдун айтымында, Алма Кадыркулова кылмыш ишин кароону атайылап созуп жатат.

“Бишкек ШИИББи Эмил Мамытовго каршы кылмыш ишин козгогон, бирок Мамытов ар кандай жол менен тергөөгө тоскоолдук кылган. Натыйжада иш УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген. Тергөөчүлөр аны алдамчылык боюнча айыптап, материалдарды сотко жөнөтүшкөн. Эмил Мамытов камакка алынды, бирок 2020-жылдын 7-октябрында Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулова Эмил Мамытовду үй камагына чыгарды. Алма Кадыркулова ошол убактан бери Мамытовдун соттук ишин атайылап созуп жатат”, - деп билдирди Раджап Абдурасулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан