Ооганстандын президенти өлкө казынасынан 169 миллион долларды уурдап кеткени айтылууда

"Талибандар" бийликти басып алгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен Ооганстандын президенти Ашраф Гани мамлекеттин казынасынан 169 миллион долларды алып кеткен. Бул тууралуу Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Зохир Агбар маалымат жыйында билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал президент Ганинин качып кетишин "мамлекетке жана улутка чыккынчылык кылды" деп атаган. Элчи Ашраф Ганини эл аралык сотко берүү үчүн камакка алуу өтүнүчү менен Интерполго кайрыларын айтты.
Ошол эле учурда элчи вице-премьер Амрулла Салехти Ооганстандын башчысы катары тааныганын белгиледи.
"Өлкөнүн конституциясына ылайык, президент жокто, качып кетүүдө же каза болгондо, биринчи орун басары өз милдеттерин аткарат, ошондуктан Амрулла Салех азыр мамлекет башчысы", - деп билдирген элчи.
Ал эми ооган президенти Ашраф Гани видео кайрылуу жасап, Кабулдан акча уурдап кетти деген маалымат чындыкка дал келбестигин айтып чыкты.
"Кабулдан мени акча алып чыгып кетти деген маалыматтар чындыкка дал келбейт", - деп айткан кайрылуусунда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
SHaidulda
2021-08-19 01:40:29
Эмне кылат анан талибдерге таштамак беле
+6
Rifle_I
2021-08-19 03:52:32
Элин кыйын учурда таштап кеткен президент бул саткынылык жана чыккынчылык кылды.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан