Биз социалдык тармакта

Унаанын эшиги сынган. Баткендин Эки-Таш аймагында белгисиз адамдар эки автоунаага таш ыргытышты

Баткен-Исфана унаа жолунун Эки-Таш аймагында белгисиз адамдар эки автоунаага таш ыргытышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, окуя 22-августка караган түнү орун алган.

"Саат 00:30 чамасында Баткен-Исфана унаа жолунун Эки-Таш аймагында белгисиз адамдар Ош облусуна бара жаткан Кыргыз жарандарынын 2 унаасына таш ыргытышкан. Анын кесепетинен Мерседес-Бенцтин эшиги, Honda Stream үлгүсүндөгү унаанын терезеси сынган. Жаракат алгандар жок.

Бул факты боюнча Баткен облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кабарланган.
Өз кезегинде Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрүүнү пландап жатышат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazira...
2021-08-22 14:54:17
Сынган машиналарды ким төлөйт анда.
+4
Jacob.
2021-08-22 15:15:04
nazira..., эки таш толойт да))
+3
emirchik
2021-08-22 15:33:06
Ушу Тажиктер Биздин Бийликтегилерди Лох экенин билип алып Арнерсе кылып атат Создун Ачыгы
+6
JYRT
2021-08-22 15:46:36
Эки тарап жолугушуу өткөрөт деп эле жаза бересиңер жыйынтык жок жөн эле сөз эми качан болсо тажиктер бир нерсени кылганы кылган биздин бийлик бир катуурак болсоңор аябай бошошуп баргандан бошошуп эле баратасынар бир аз тыңыраак болгулачы айланайындар уктабагылачы кандай жооп кылса алардан он эселеп жооп бергиле алар уже бизди колдорунан эч нерсе келбейт деп билгенин жасап атышат билбейм эмне сыр бар
+4
temirov76
2021-08-22 20:40:17
СССР урагандан бери элге тушундуруу иштери жургузулуп тажик тарап менен суйлошуулор жургузулуп келе жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан