Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 5 бейтап көз жумду. Республикалык штабдан билдиришкендей, каза болгондордун экөө Бишкекте, бирөө Чүйдө, бирөө Таласта, дагы бирөө Ысык-Көлдө катталды.
Республика боюнча каза болгондордун саны 2 миң 489 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган 1 миң 32, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган 1 миң 457.