Чүй облусунун Панфилов районунда 37 жаштагы Расул Сатыбалдиев аттуу тургун дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган жарандын апасы билдирди.
Анын айтымында, уулу 2020-жылдын февраль айында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
"Үй-бүлөсү, балдары күтүп жатышат. Баламдын бою 175-180 сантиметр, арык чырай, чачы кара түстө, көздөрү кара. Кайдыгер карабаган жарандардан колдоо күтөбүз", - деп билдирди апасы Айнагүл Сүйүналиева.