Өлкөдө туризм багытында реалити-шоу тартылат

27-августтан 2-сентябрга чейин Кыргыз өлкөсүндө Бельгиянын эл аралык "Eccholine BV" продюсердик жана "Tenti.kzh" туристтик компаниясы Франциянын М-6 телекомпаниясы үчүн туризм багытында реалити-шоу тартат. Бул тууралуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, программанын алкагында эки адамдан турган сегиз команда саякаттоого чыгат. Шоунун биринчи бөлүмү Бишкекте тартылса, экинчиси Өзгөн шаарында тартылат.

“Ар бир эпизоддун орточо аудиториясы 3 миллиондон ашуун адамды түзөт. Телешоу даяр болгондон кийин Европа Биримдигинин жана Түштүк Америка өлкөлөрүнүн телеканалдарында көрсөтүлөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Съёмка Кыргыз жеринин туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталат. Ал эми шоуну тартуу иштерине 70ке жакын экипаж мүчөлөрү келиши күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан