Ысык-Көлдө "Gamma Revolution Fest 21" долбоорунун алкагында 5 күнгө созулган иш-чара, форумдар өткөрүлүүдө. Форумдун уюштуруучусу Бабур Төлбаев долбоорду ишке ашырууга 2 ай убакыт кеткенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду:
"ММА федерацияцы мага кайрылып Азия чемпиондугу өтөт деп калды. Менде бул долбоордун алкагында дагы башка иш-чараларды өткөрүү идеясы пайда болду. Жалпысынан 7 иш-чара өтөт. Алардын катарында IT-форуму, блогерлер жана бизнес форуму сыяктуу иш-чаралар бар. Максатыбыз спортчуларга жана башка катышуучуларга дагы башка тармактарды үйрөтүү. Билимди тереңдетүү. Бүгүн 4-күн. Иш-чарага Орусия, АКШ, Өзбекстан, Швейцария, Дагестан сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдөн коноктор келишти. Жалпысынан 5 миң адам катышат. Убакыттан пайдаланып, бардык демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем", - деди Бабур Төлбаев.