Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда аскердик бөлүктө жарылуу болду. 32 жаран жабыркаганы айтылууда

Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда аскердик бөлүктө жарылуу болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жарылуу саат 19:00 чамасында болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аскердик бөлүктөгү складдардын биринде өрт чыгып, андан соң белгисиз предмет жарылган.

Учурда өрттү чектөөгө алуу боюнча иштер жүрүп, ал эми жашоочулар эвакуацияга алынууда. Такталбаган маалыматтар боюнча, 32 адам жарадар болгон. Алар Жамбыл облустук ооруканасына жеткирилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан