Ош шаарынын борбордук аянтындагы негизги туу жаңыланды (сүрөт)

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик желек жаңыртылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, легендарлуу парламенттин депутаттары, Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери, шаар тургундары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери Ош шаарынын борбордук аянтында жайгашкан мамлекеттик желекти жаңылашты.

Ош шаарынын борбордук аянтындагы флагшток 2009-жылы орнотулган, анын бийиктиги 42 метр. Ал эми туунун туурасы 10, узуну 15 метр", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sarbo
2021-08-28 08:49:22
байракты колго алыптыр да ошондо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан