Өткөн сутка ичинде коронавируска каршы эмдөөдөн өлкө аймагы боюнча 11 миң 850 адам өттү. Анын ичинен 3 миң 736 адам биринчи дозаны, 8 миң 114 адам экинчи дозаны алышты. Бул тууралуу республикалык штаб тарабынан белгилүу болду.
Жалпы эмдөөдөн өткөндөр: 1 доза менен 675 миң 251 жаран эмделсе, 2-дозаны 432 миң 665 адам алды.
Өлкөдө коронавируска каршы Синофарм, Спутник-V, Астра Зенека вакциналары колдонулууда. Калкты массалык эмдөө кампаниясы 11-июлда старт алган.