Орусиянын аскер кызматкерлери Тажикстанда дезинфекциялоо иштерин жүргүздү

Орусиянын 201-аскердик базасынын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоонун (РБМ) адистери коңшу Тажикстандын Дүйшөмбү жана Бохтар шаарларында жайгашкан объекттерге жана көчөлөргө дезинфекциялоо иштерин жүргүздү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган шаарлардагы 20 чакырымдан ашык жолдор жана 300дөн ашык объекттер, имараттын фасаддары, оюн аянтчалары, өткөрүү пункттары, жоокерлердин жатаканаларынын жана турак жайлардын кире бериштери дезинфекцияланган.

Тажикстанда коронавирус инфекциясы апрель айынын аягында гана расмий түрдө катталганына карабастан, бул өлкө инфекциядан каза болгондордун саны боюнча Орто Азияда биринчи орунга чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан