Поп-музыканын тарыхында эң ийгиликтүү ырчылардын сап башында турган Майкл Жексонду "Поп-музыканын падышасы" деп аташкан. Ал 1958-жылы 29-августта АКШнын Гэри (Индиана штаты) шаарында туулган. Чыгармачылыгын Майкл 1964-жылы баштаган.
Майкл Жексон тууралуу кызыктуу фактылар топтому
- Майкл Жексондун сүйүктүү мультфильминин каарманы Пиноккио экенин билчү белеңиз?
- 1984-жылы "Thriller" альбому үчүн ал жети Грэмми сыйлыгын алган, анын ичинде эң абройлуу сыйлык - жылдын альбому;
- 1993-жылы дарыгерлер Жексонго коркунучтуу диагноз коюшкан - витилиго (теринин пигменттүүлүгүн жоготуу);
- Майклдын жардамы менен адамдар айдын жөө жүрүшү жана роботтордун кыймылы сыяктуу бий кыймылдары жөнүндө билишти;
- Ырчы тирүү кезинде музыкалык долбоорлорунан 500 миллион долларга жакын киреше тапкан;
- 1993-жылы Опра Уинфри менен болгон маегинде Майкл Жексон бала кезинде жалгыздыктан көп жапа чеккенин моюнга алган.
29-августка карата жылнаама.