Супер фактылар: Эмне үчүн иттер мышыктарды кубалай беришет?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Табияттан эле сүт эмүүчү жаныбарлардын өзүнөн алсыздарга болгон жек көрүүсү күчтүү болот. Алар эмнегедир алсыздарды жок кылууга аракет кылып, жинденип турушат.

Мисалы, жолборс эч качан карышкырды же анын бөлтүрүктөрүн өлтүрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт. Карышкырлар ыңгайы келген кезде эле эч нерсеге карабастан сүлөөсүндү, түлкүнү, итти жана чөөнү мүмкүнчүлүккө жараша өлтүрүшөт. Дагы бир мисал келтире турган болсок, чөөлөр арстандардын, илбирстердин жана гепарддардын күчүктөрүнө, энелерине байкатпастан кол салышат.

Иттердин мышыктарга болгон мамилеси ушул кастыктын мурасы болуп саналат. Өзгөчө мышык иттен кийин үйгө багылууга алып келинсе, ал итке караганда кечирээк колго өткөндүктөн эки жаныбар бири-бирин көргөндө жинденип турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан