Дүйнөдөгү эң кичинекей жана кооз чымчык колибри тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

- Колибри көбүнесе Американын аймагында байырлайт, дүйнөдө анын 350гө жакын түрү бар;
- Планетадагы эң кичинекей чымчыктын узундугу 5-22 сантиметрге жетет;
- Салмагы 2,5 граммдан 7 граммга чейин, эң жеңили кызыл курсактуу колибри, анын салмагы 1,7 граммды түзөт;
- Колибри Жер планетасындагы артка карай уча алган жалгыз чымчык болуп саналат;
- Анын жүрөгү денесинин дээрлик үчтөн бир бөлүгүн ээлейт;
- Эң кызыгы, бул кичинекей канаттуулар күн сайын өзүнүн салмагына караганда көп тамак жейт;
- Саатына 80 чакырым ылдамдыкта уча алышат;
- Таң калычтуусу, 1 секунданын ичинде канатын 80 жолу кагат;
- Колибри учуп баратып азыктанат;
- Бир сутка ичинде тынымсыз миңден ашуун чакырымды учуп өтө алат;
- Кызыктуу жагдай, колибрилердин уяларын чоңдугу боюнча жаңгактын жарымы менен салыштырууга болот. Бирок кээ бир уялардын диаметри 20 сантиметрге жетиши мүмкүн;
- Орточо эсеп менен колибри 9 жыл жашайт (17 жыл жашаган учуру катталган);
- Колибринин 14-15 моюн омурткасы болот. (Ал эми акыра жана башка сүт эмүүчүлөрдүн 7 гана моюн омурткасы болот);
- Канаттуунун бул түрү 1 мүнөттүн ичинде 180ден 600гө чейин дем алып, дем чыгарышат.