Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан белгилешти.
Мамлекет башчысына Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, "Улуттук холдингдин" колдоосу менен Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө "Бала-Саруу" ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыра баштаганы маалымдалды. Жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек.
"Бала-Саруу" ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Аталган станциянын куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал жылдык орточо 92 миллион кВтс электр энергиясын өндүрөт.
Ал эми ага керектелүүчү каржылоо булактарынын көлөмү 22 миллион 900 миң долларды түзөт. Учурда аны каржылоо боюнча маселе Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен чечилип жатат.
"Жаңы ГЭСтерди куруп, экономиканы өнүктүрүү, ошол эле учурда жаратылышты сактап калып, келечек муунга бузбай этпей өткөрүп берүү биздин башкы милдетибиз. Азыркы тапта энергетикалык көз карандысыздыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу негизги максаттарыбыздан болуп турат. Бүгүнкүдөй шартта бул максаттарга жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалууда.
Мунун алкагында бүгүнкү күндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилейм. Бул тармакты өнүктүрүүгө салымын кошуп жаткан мекенчил, тажрыйбасы мол азаматтарыбыздын аракети менен өлкөбүздүн аймактарында чакан ГЭСтердин курулуп жатышы, албетте, кубандырбай койбойт", - деди Садыр Жапаров.
Бала-Саруу ГЭСинин иштөө режими Киров суу сактагычынын сугат режими менен синхрондоштурулуп, акыркы технологияларды колдонуу менен заманбап жабдуулар орнотулат. Плотинанын механикалык жабдуулары модернизация болот.
Ошондой эле Киров суу сактагычына агып келген жана алып чыккан суунун көлөмүн эсепке алуунун эң жаңы системалары киргизилет. Бул чаралардын бардыгы Киров суу сактагычынын ишин кыйла жакшыртат жана сугат үчүн суунун топтолгон көлөмүн сарамжалдуу пайдаланууга жардам берет.
Аталган долбоор ишке ашканда иштелип чыккан электр энергиясы сатылып, андан түшкөн каражат менен кабыл алынган финансылык милдеттенмелер толук жабылат. Муну менен өлкөнүн мамлекеттик бюджетине эч кандай оорчулук келбейт.
"Бала-Саруу" ГЭСи Кыргыз Республикасында мамлекеттик кичи гидроэнергетиканын локомотиви болот. Алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө тынымсыз аракет жана өжөрлүк менен долбоор өз убагында ийгиликтүү аяктайт деп ишенем.
Ушуга байланыштуу, бардык тийиштүү мамлекеттик органдарга Бала-Саруу объектисинин артыкчылыгына өзгөчө көңүл буруп, курулуш маселелерин ыкчам чечүү үчүн өз убагында эффективдүү чараларды көрүүнү тапшырам. Ал эми Энергетика жана өнөр жай министрлигине долбоорду толугу менен кынтыксыз, ийгиликтүү жана сапаттуу ишке ашыруу жоопкерчилиги жүктөлөт.
Биз Кыргыз өлкөсүнүн гидроэнергетикалык потенциалы өтө жогору экенин сыймыктануу менен айта алабыз. Себеби аны өнүктүрүү республиканын энергетикалык өнүгүү программасынын негизги стратегиялык максаты болуп саналат. Өлкөбүздүн энергетикалык потенциалын элибиздин кызыкчылыгы жана бакубат жашоосу үчүн колдонушубуз кажет", - деди президент.