Бүгүн, 30-августка карата өлкөдө COVID-19 илдети 152 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, Бишкек шаарында 67 адамдан илдет аныкталса, Ош шаарында бир адам катталды.
Чүй облусу – 19;
Талас облусу - 4;
Ысык-Көл облусу – 43;
Жалал-Абад облусу – 6;
Баткен облусу - 12.
Өлкөдө жалпы 175 миң 589 адам илдетке кабылды.