Ысык-Көл районунда милиция кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдарын белек катары тапшырышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ага ылайык, милиция кызматкерлери жаӊы окуу жылынын алдында облустун аймагында "Камкордук" аталышындагы акциясын өткөрүп келишет. Анын негизги максаты - аз камсыз жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына, ошондой эле жетим балдарга жаӊы окуу жылына даярданууга көмөк көрсөтүү болуп эсептелинет. Ушундай акция жай мезгилинин акыркы дем алыш күндөрү Ысык-Көл районунда болуп өттү.
"Бул жолу беш аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу курал түрүндөгү жардам көрсөтүлдү. Ата-энелери менен батирлерде ижарада жашаган 10 өспүрүмгө жардам берилди", - деп айтылат маалыматта.