Эркек киши аялды бет талаштыра чаап, тепкичтен кулатып жиберген окуя. Жабырлануучу анын аялы, милицияга кайрылуудан баш тартты

Бишкекте караоке-клубдардын биринде эркек киши кызды бетке уруп, тепкичтен кулатып жиберген видео тараган. Окуя Сухэ-Батыр көчөсүндөгү клубда орун алганын Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалым болгондой, кызды чыканагы менен кулата урган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "ээн баштык" менен катталып, сотко чейинки төргөө башталды.

"Териштирүүнүн жүрүшүндө клубдун администратору К.К. окуя 29-августта түндө болгонун билдирген. Күбө болгон кызматкер жабырлануучуга милиция кызматкерин чакырууну сунуштаган, бирок кыз кол көтөргөн адам жолдошу экенин айтып, укук коргоочуларга кайрылуудан баш тарткан. Андан кийин алар клубдан кетип калышкан. Көңүл ачуучу жайдын кызматкеринин айтымында, ошол күнү кабинкалардын биринде бир канча кишиден турган чоң компания эс алышкан", - дешти мекемеден.

Учурда шектүүнү аныктоо жана табуу боюнча комплекстүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бишкекте караоке-клубда эркек киши кызды бетке урду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
TIMON_BERKOWITZ
2021-08-31 07:58:59
Аялынды аяп ур, совсем урбай койсон сени урат.
-5
Mirnar
2021-08-31 08:05:25
TIMON_BERKOWITZ,куйоо балан менен жездене да ошентип кенеш бер, эжемди карындашымды аяп ургула болбосо силерди урат деп. М: мени агаларым бир тамчы коз жашы акпасын, бир кыл чачы тушпосун, ден соолугу таза колуна тапшырып атабыз деп дайындап анан эрге берген! Аллага мин мерте шугур жолдошум жакшы.
+11
ayzhan12
2021-08-31 12:25:19
Mirnar,Кээ бир эркектер аялдардын эркиндигин коро алышпай ушундай идеялогияны жактап журушпойбу. Сабатсыз, карангы талибан сымалдар эркектер бизде толуп кеткен. Өзгөчө динчилдердин арасында. Булардын оюна жон койсон аялдар үйдө эле камалып, башына хиджаб чүмкөп, экинчи сорттогу жандыкка теңеп салышкан. Мындай нерселерди жөн калтырбашы керек. Болбосо аялдарга кол көтөрүү көнүмүш адат болуп калат.
-3
ayzhan12
2021-08-31 12:30:23
ayzhan12,Бизде кыздарды кичинесинен эле баш ийме кул сымал кылып тарбиялашат экен. Унчукпа, сүйлөбө, бирөөнүн айтканы менен бол, үйгө отур, чыкпа, ж.б.у.с. Ушунун баары кыздардын келечекте эркин өсүп чоңоюуусуна терс таасирин тийгизет. Ар бир кыз эркин, сулуу, татынакай, жетишкен, билимдуу, коз карандысыз жашоо өткөргөнгө татыктуу. Андыктан ар бир кыз сырткы келбетине көңүл бөлуп, жагымдуу, келбетүү, өзүнө мыкты чач жасалгаларды жасатып айланасына сүйүктүү сезимдерди жаратуу керек.
-2
Datka7777
2021-08-31 11:35:57
TIMON_BERKOWITZ,сага окшогон далбандпр урат
-2
Tasma2014
2021-08-31 09:31:49
Арактын кесепети да ичкилик жок жерде чыр болбойт
+2
Tasma2014
2021-08-31 09:33:34
Аялын кызганганы го чамасы ошол аялына тийишкен эркеке алы жетпей эргул Аялын чааптыр кухонный боксер
+4
Mylatka..
2021-08-31 09:37:46
Ушундай уйдо баатыр жоодо жок болгон эркектер бар ,тан каласын аялдарын жарым жыланач кийинтип кое беришет да ,кайра кызганган адам болуп кол которушот.Б
иринчи аялынардын кийген кийимин (бпшка бироону кызыктырган денгээлде эмеспи)ошону карап андан сон айтып дегенге аракет кылышса...
0
Antiradikal3
2021-08-31 13:42:04
Mylatka.., мээнди иштетчи... Сен хиджап кийсен эле сага бироо кызыкпай калабы не? жамбашындын ункур-чункуруна чейин чыпталышкан хиджап киесинер. Боенбойт эмес маймылдай эле боенуп кочого чыгасынар.

Узун кийингенин эле болбосо ачык чачык кийинген кыздардан айырманар эч канча. Же хиджап кийсен эле кругозорун осуп кетпегенден кийин...

Телефон кармабайт эмес кармайсынар. Эгер уруш болчу болсо, ошол телефондун айынан деле уруш чыгат уйдон чыкпай жатып.
+3
Mylatka..
2021-08-31 15:07:03
Antiradikal3,создор ээсин таап алган окшойт)))
-3
ayzhan12
2021-08-31 12:12:28
Буга окшогон айбан эркектерди дароо камаш керек болчу. Өзүнүн карындашын бирөө ушинтип урат.
-5
Antiradikal3
2021-08-31 13:44:40
Казан-аяк кагышат, эрди катын урушат. Артынан жарашат. Милиция издеп тапканда эмне, катынынды уруп коюпсун деп камап салмак беле, аялы арыз жазуудан баш тартчу болсо?

Болгону катуу уруп жибериптир, эми турмушта болуп турат, мындан бетерлери да болуп жатпайбы, сойку келиндерибиз пакистандыктар менен кол жээгинде бийлеп шерменде болуп......
0
Erkusha
2021-08-31 18:38:47
Күнөө эч качан бир тараптан болбойт
-3
Datka7777
2021-08-31 21:51:15
Erkusha,кол котогонго акысы жок эч кимдин
0
Flower2017
2021-09-01 00:09:00
Ии колуна шал тийип кал!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан