Бүгүн, 31-августка карата өлкөнүн медициналык жайларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 4 адам көз жумду. Мындай маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.
Каза болгондордун экөө Бишкекте, бирөө Нарында, бирөө Таласта катталды.
Республикада коронавирус инфекциясы катталган күндөн тарта каза болгондордун жалпы саны 2 миң 528ге жетти.