Билим берүү министри Кыргызстанда ЖОЖдордун санын кыскартуу зарылдыгы бар дейт

4-декабрда ЖКнын депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, Кыргызстан менен Казакстандын билим тармагындагы өкүлдөрү катышкан конференция болуп өттү. Иш-чарада билим берүү тармагындагы негизги көйгөйлөр, окутуучуларга илимий даражалардын берилиши талкууланды. Депутат Асия Сасыкбаева акыркы 10 жыл аралыгында илимий даражаларды ыйгаруу курчуганын белгиледи. Ал эми Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билим берүү тармагына кардиналдуу реформалар керек экендигин билдирди. "Кыргызстанда ЖОЖдордун саны кескин өсүп, аларды кыскартуу зарылдыгы бар. Билим берүүнүн сапатына көңүл буруу керектигин баса белгиледи",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан