Бүгүн, 23-апрелге карата өлкөдө дагы 19 жарандан коронавирус аныкталды. Муну менен ооругандардын жалпы саны 631ге жетти. Мындай статистиканы саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында кабарлады.
Сутка ичинде коронавирус жуктуруп алганы аныкталгандар:
Бишкек шаары - 8;
Чүй облусу - 4;
Ош шаары - 4;
Ош облусу - 3.
Вирус аныкталган 19 жаран буга чейин обсервацияда жатканы же үй карантининде болгону тууралуу маалымат берилген жок.