Италиядагы мафиялык топтор кайрымдуулук ишин баштап, жакырларга жардам берип жатышат

Италияда мафиялык топтор кайрымдуулук ишин баштап, жакырларга жардам берип, тамак-аш тарката башташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Алардын бул кадамга баруусуна коронавирустун айынан көптөгөн адамдар жумушсуз калганы себеп болгон.

"Өлкөнүн ар кайсы шаарларында айрыкча, түштүк аймактагы адамдарга мафиялык топтор керектүү азыктарды жеткирип, жардам берип жатышат. Жумушсуз калган адамдар адал эмгек акы менен нан таап келишкен. Бул мафиялык топтордун кирешелерине таасир эткендиктен, алар жергиликтүү тургундарга жардам берүүнү милдети катары түшүнүшкөн", - деп айтылат маалыматта

"Мафиялык топтун жетекчилери шаарларды өздөрүнүн менчиги деп эсептеп келишкен. Азыркы тапта алар дал ошол аймакта жашаган жакыр адамдарга жардам берип жатышат", - деп билдирген Никара Граттери аттуу прокурор. Анын айтымында, топ мүчөлөрү жакыр адамдардын көз алдына баатыр болуп көрүнүүнү көздөп жатышат.

"Бирок карантин аяктагандан кийин кылмышкерлер калкты кызмат үчүн төлөөгө мажбур кылышат, тагыраагы, шайлоодо өз саясатчыларына добуш берүүгө үгүттөшөт", - деп кошумчалаган ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
murat17
2020-04-12 21:08:48
оо элестеткиле Камчы Колбаев же Карышкыр дагы бироосу Сакал дегени же Оштогу Женго ушинтип жардам берип жатканын
+11
rysik79
2020-04-12 22:25:53
murat17,оздору тойбой журсо кайдан
+6
assanov97
2020-04-12 23:53:55
murat17,матр ьерип жататко
+2
murat17
2020-04-13 00:12:50
assanov97,Матраимов вор закон эмес да ал наборот красный болуп кетет
+5
KalenAlmaz
2020-04-12 21:54:02
Италя эзееелтен еле кримналдар башкарып келет
+7
bond02
2020-04-12 23:22:36
Нысаптуу немелер го.
+5
algakaray
2020-04-13 05:33:28
Коронавирус ак караны, жаманды жакшыны, ач менен токту, адамдын статусуна карабай бай кедейсинби бул оорунун алдында жон эле бир жан экенинди корсотуп мурда билбей жургон чон каталарынды кайра ордуна койду.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан