Бишкекте Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине жетпей токтогон троллейбустан кара түтүн чыгып, өрт чыккан. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Ал боюнча бизге маалымат келип түшкөн. Бирок чалуу келип түшкөндөн кийин дароо ал чалууну кайра артка кайтарышты. Себебин өзүбүз эле өчүрүп койдук деп түшүндүрүштү. Ал жактагы айдоочу жана эл чыгып дароо өчүрүшкөн экен.
Ошондуктан айдоочу чакырбагыла деп айтыптыр. Ал жакта өрт болбоптур, түтүн каптаган. Биздин божомолубузда зымдар күйүп, түтүн жаралган", - деп билдиришти министрликтен.