Камактагы Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды

УКМК тарабынан кармалган Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы иниси Азамат Аспековго байланышканыбызда тастыктады.

"Агама операция төрт күн мурун жасалган. Учурда жакшы боло албай жатат", - деп билдирди Азамат Аспеков.

Буга чейин Мелис Аспеков инфаркт алып ооруканага жаткырылган.

Мелис Аспеков 8-январда УКМК тарабынан кармалган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынган. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.

Кийин тергөө абагында отурган активист Аспеков Фейсбуктагы баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ички иштер министрлиги анын бул билдирүүсүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kazakov1991
2021-09-03 02:51:49
Уй камагына чыгат экенда эми, укмк да эми ценарийди озгортуш керек антпесе окшош спектакльды коруп тажай баштадык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан