Соңку суткада дагы 5 медициналык кызматкер коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламатттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, суткада стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден 4 медициналык кызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 6 795 медициналык кызматкерден аныкталды. Республика боюнча жалпы 6513 медициналык кызматкер айыкты.