Бүгүн мектептерде акыркы коңгуроо иш-чарасы өттү. Бирок акыркы коңгуроо мектептин алдында эмес, онлайн режиминде кагылды. Коронавирус илдети менен дүйнө жүзү күрөшүп жаткан учурда мектеп окуучулары аралыктан билим алуусун улантышкан. Акыркы коңгуроо мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жашоосунда бир гана жолу өтүүчү майрам. Быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрү күтпөгөн жерден акыркы коңгуроо майрамын онлайн режиминде өткөрүштү.
SUPER.KG порталы Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Ирина Бондареванын сезимдери менен бөлүштү.
Ал мурда эжесинин акыркы коңгуроо салтанатын көрүп, өзүн анын ордуна элестетип келгенин айтты.
"Азыр башкача сезимдер болуп жатат. Мен өзүмдүн акыркы коңгуроом ушинтип онлайн режиминде өтөт деп элестеткен эмесмин. Мурда эжемдин акыркы коңгуроо аземин көргөндө, анын ордуна өзүмдү элестетчүмүн. Акыркы коңгуроо эжемдикиндей өтүшүн каалагам. Аларга мактоо баракчаларын тапшырышып, элдин баары куттуктап, жакшы тилектерин айтышкан. Мектептин алдында ырдап, андан соң 1-класстын окуучулары бизди куттуктап, акыркы коңгуроо кагылат деп кыялданып келгем. Биздин акыркы коңгуроо салтанаты ушинтип өтүп калганы өкүнүчтүү.
Азырынча келечекте кайсы кесиптин ээси болорумду чече элекмин. Бул маселенин үстүнөн олуттуу түрдө ойлонуп жатам", - деди Ирина Бондарева.