Тажикстандык бизнесмен Орусияда каза болгон 50 мекендешинин сөөгүн мекенине жөнөтүү чыгымын көтөрдү

"Мага бата берип койгула, ошол жетиштүү болот" деген Орусиянын Новосибирск шаарында иштеген тажик бизнесмени аты-жөнүн жарыялоодон баш тартып. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда айтылгандай, кечээ, 16-июнда рефрижераторлуу унаа менен Орусиянын аймагында каза болгон 50 Тажик жаранынын жансыз денеси мекенине жөнөтүлгөн. Каза болгон адамдардын сөөктөрү Орусиянын ар кайсы облустарынан алдырылган, басымдуу бөлүгү Москвада болгон. Мигранттардын жансыз денелери мекенине ушул аптанын аягында жетет деп күтүлүүдө.

"Акыркы апталарда чартердик рейстер жана унаа менен Орусиядан Тажикстанга карантин учурунда каза болгон 100дөй мигранттын жансыз денеси жөнөтүлгөн. Бул Орусиянын аймагында коронавирустан каза болуп, атайын нормалардын негизинде ошол жакта көмүлгөн Тажик жарандарынан тышкары. Жыл сайын Орусияда 1000дей Тажик жараны көз жумат", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан