Манасчы Дөөлөт Сыдыков жалпысынан 111 саат манас айтты. Иш-чара Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин астында салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ырыс Окенова билдирди.
Анын айтымына караганда, Дөөлөт Сыдыков Москва шаарынын убактысы боюнча саат 12:40та манас айтуусун жыйынтыктады.
Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков 5 күн, 5 түн манас айтууну 31-август күнү баштаган. Мындан бир күн мурун Дөөлөт Сыдыковдун манас айтып жатканына 100 сааттан ашканы маалымдалган.