Ооганстан: Интернетке Ашраф Гани алганга жетишпей калган таңгакталган доллардын видеосу тарады

Интернет айдыңында Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Гани "Талибан" кыймылынын коркунучунан улам өлкөдөн качып бара жатып алганга жетишпей калган баштыктагы таңгакталган доллардын видеосу тарады.

Айрым ооганстандык басылмалар бул акча президенттик администрациянын унаа токтотуучу жайында табылганын жазышты. Басылмалардын билдиришинче, Ашраф Гани бул акча каражаттарын алганга үлгүрбөй калган.

Буга чейин Ашраф Ганинин Ооганстандан 169 миллион доллар уурдап кеткендиги кабарланган.

Эске салсак, мурдагы президент Ашраф Гани талибдер Кабулду басып кирген күнү өлкөдөн чыгып кеткен. Көп өтпөй ал үй-бүлөсү менен бирге Бириккен Араб Эмирлигинде экендиги белгилүү болгон.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Ашраф Гани алганга жетишпей калган таңгакталган доллардын видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан