Кыргыз-Түрк достук ооруканасын башкаруу боюнча маселелер талкууланды

Алымкадыр Бейшеналиев менен Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасын башкаруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуу учурунда элчи Ахмет Садык Доган мырза Түркия гранттык негизде Кыргыз өлкөсүнө коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза вакцина берерин билдирди.

"Түрк өкмөтү Кыргыз өлкөсүнө COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө, ошондой эле биздин жарандарга медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык базаны чыңдоодо чоң колдоо көрсөтүүдө. Эң заманбап жабдуулар менен жабдылган мамлекеттик Кыргыз-Түрк достук ооруканасы иштей баштады. Ушунун аркасында көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыкпай дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат деп үмүттөнөбүз.

Жарандарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн боордош түрк элинин жардамы абдан маанилүү жана зарыл", - деди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан