Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын жыйыны өттү. Бүгүнкү күнү өлкөдө коронавирус такталган учурлар жок

Бүгүн, 28-январда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында Эпидемияга жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын катышуучулары саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин коронавируска байланыштуу кырдаал тууралуу маалыматын угуп, талкуулашты. Бүгүнкү күнү коронавирус такталган учурлар жок, республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 28-январда эртең менен Кыргыз Республикасына Үрүмчү шаарынан 6 кыргыз студенти келген. Алар Үрүмчү шаарындагы Синьцзян университетинде окушат. Учурда бардык студенттер атайын чатырларда, буларга дайыма медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Алардын ден соолугу канааттандырарлык, эч кандай оорунун белгилери чыккан жок. Азыр лабораториялык диагностикалык изилдөө иштери жүрүп жатат.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, бул кыргыз студенттери 2019-жылдын 27-декабрынан 2020-жылдын 21-январына чейин Кыргыз мамлекетинде каникулда болушкан. Алар 2020-жылдын 21-январынан 2020-жылдын 27-январына чейин Үрүмчү шаарында болушкан.

Кыргыз студенттер Кыргыз өлкөсүнө Казакстан Республикасы аркылуу келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан