Бүгүнкү күндө ишкердик субъекттерин жеңилдетилген каржылоо программасы боюнча каржылоонун артыкчылыктуу багыттарынын тизмеси түзүлөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев онлайн брифингде билдирди.
"Жеңилдетилген каржылоо жөнүндө кайсы багыттар ала алат? Булар эң негизгиси өндүрүш жана кайра иштетүү, экспортко багытталган ишканалар, азык-түлүк коопсуздук жана баарыбыз көрүп жаткандай чакан орто бизнес тез арада өзүнүн багыттарын алмаштырып, бүгүнкү күндө керектүү медициналык буюмдар, бет каптарды чыгарып башташты. Буга дагы өзүнчө компонент киргизилет", - деп билдирди Асрандиев.