"Мамлекеттик кызматта иштеген талапкерлер милдетин тапшырып гана шайлоого катыша алат" деди БШКнын төрайымы

Бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны орун алды.

Анда парламенттик шайлоонун жүрүшүндөгү эрежелер, талаптар айтылды.

"Бул шайлоодо жаңы тартип менен аралаш системада өтөт. Мында бир мандаттуу жана ачык тизмелер менен талапкерлер шайланат.

18-октябрга чейин талапкерлер документтерин тапшыруусу керек. Талапкерлер бир учурда эки округ менен көрсөтүлүүгө укуктуу эмес. Алар партиянын аты менен көрсөтүлөт.

Талапкерлердин 70 пайыздан көп эмеси мырзалар болсо, 30 пайыздан ашыгы айымдар болушу зарыл.

Саясий же муниципалдык кызматты ээлеген кызматкерлер кайсы бир партияда талапкерлиги көрсөтүлсө, кызматын тапшыргандан кийин гана шайлоого катыша алышат.
Мурун кызматын убактылуу токтотуп анан шайлоого катышып келишкен", - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Ошондой эле ал шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгарын кошумчалап өттү.

Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Ал эми үгүт иштери 29-октябрдан баштап 27-ноябрга чейин уланат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан