Тилек Токтогазиев: "Элимден мага кандай мамиле болбосун, менин сүйүүм жылдан жылга күчөй берет"

"Ата-Мекен" партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болгон Тилек Токтогазиев социалдык тармак аркылуу шайлоочуларына кайрылды.
"Достор, мени колдоп, мага добуш бергендерге баарыңыздарга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Мен силерди жакшы көрөм. Жалпы кыргыз элимди жакшы көрөм. Анын ичинде мени сөккөндөрдү да, мени жек көргөндөрдү да жакшы көрөм. Анткени менде башка элим жок. Башка мекеним жок. Элимден мага кандай мамиле болбосун, менин сүйүүм жылдан жылга күчөй берет.
Бир күнү сүйүүмдүн күчү ар бириңерге жетет деп ишенем. Ошондо эч күмөнү жок биз жалпы элибиздин батасын алып, шайлоодон жеңүүчү болуп чыгабыз. Өзүбүздүн аманатыбызды аткарабыз. Кыргыз мамлекетибизди таптакыр башка деңгээлге чыгарабыз. Өзүбүздүн урпактарыбызга өнүккөн, күчтүү, эгемен Кыргыз өлкөсүн мурас катары өткөрүп беребиз.
Ал убакыт сөзсүз келет. Мен ишенем. Сиздерчи?", - деп жазган Токтогазиев.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat-123
2021-11-29 12:08:57
Феминист командаңы сүйө бер
0
Kamchy-bek
2021-11-29 12:18:52
Тынарды дагыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан