Бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда парламенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу маалыматтар айтылууда.
"Быйыл чет өлкөдө дагы 8 шайлоо пункту ачылды. Ошондой эле чет өлкөдөгү жарандарыбыз бир мандаттуу шайлоого катыша албайт, бирок пропорционалдуу шайлоого катыша алат", - деди Шайлдабекова.
Мындан тышкары БШКнын төрайымы быйыл шайлоодо талапкерлердин саны 54кө чейин кыскарганын айтты.
Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Ал эми үгүт иштери 29-октябрдан баштап 27-ноябрга чейин уланат.