Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев кызмат учурунда каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-сентябрда Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев Арктика зонасын өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча ведомстволор аралык машыгууларга катышуу учурунда башка кызматкердин өмүрүн сактайм деп жатып каза болгон.
"Окуя видео тартуучу топ турган жерде болгон. Анда министр менен оператор жардын четинде турган. Оператор тайып жыгылып сууга түшкөндө, Зиничев аны куткаруу үчүн күрөшкөн. Бирок ал жарда чыгып турган ташка урунуп оператор экөө тең каза болгон", - деп жазылат маалыматта.
Зиничев 1966-жылы 18-августта Ленинградда төрөлгөн. Санкт-Петербургдагы бизнес жана укук институтунун экономика факультетин жана финансы кредит факультетин бүтүргөн. 2013-жылы Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын аскердик академиясында кесиптик кайра даярдоодон өткөн.