Орусиянын Норильск шаарында адам өмүрүн сактап калам деп каза болгон Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничевдин каза болор алдындагы акыркы сүрөттөрү жарыяланды. Сүрөттү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялаган.
Маалыматка ылайык, сүрөттөр Евгений Зиничевдин каза болоруна бир күн калганда тартылган. Ал сүрөттө чарчап тургандай көрүнгөнү менен көңүлдүү жүргөн. Сүрөт Норильск шаарындагы өрт өчүрүү кызматынын жаңы имаратынын ачылышы учурунда тартылган.
8-сентябрда Евгений Зиничев Арктика зонасын өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча ведомстволор аралык машыгууларга катышуу учурунда башка кызматкердин өмүрүн сактайм деп жатып каза болгондугу кабарланган.