
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист
Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" партиясы билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 10-сентябрь күнү саат 05:00 чамасында кармалган.
Ал эми укук коргоо органдары бул маалыматты тактай элек.