Муздаткыч алып келүүнү убадалап 40 миң сом алган. Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Ысык-Көлдө Чолпон-Ата шаарынын тургунунан 40 миң сом алып, муздаткыч алып келип берүүнү убадалаган жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, шектүү тиричилик техникасын Бишкек шаарынан алып келмей болгон.

Маалыматка караганда, Чолпон-Ата шаарынын тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылып, акчасын алып кеткен бойдон белгисиз болуп жаткан жаранга карата чара көрүүнү суранган.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене ("алдамчылык") менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 22 жаштагы жаран кармалды. Анын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жогу дагы каралууда", - дешти мекемеден.

Ысык-Көл ОИИБи сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо арыз менен кайрылып же телефон менен кабар берүүнү өтүнөт. Анонимдүүлүк сакталат. Байланыш номерлери: 03947 43980; 0704 300 021; 0703 332 166.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан