Бишкекте курулуш иштери жүрүп жаткан көп кабаттуу имараттан жылыткычтарды уурдаганга шектелген жарандар кармалды. Бишкектин Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 85 миң сомду түзөт.
Билдирүүгө караганда, 28-августта шаар тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылып, 27-августка караган түнү 17 даана биметаллдык жылыткычтарды уурдап кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Келтирилген материалдык зыян 85 миң сомду түзгөн.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, териштирүү иштери башталган.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр кылмыш жасаган күнү Дэу Сиело унаасы менен жүрүшкөнү, аталган унаа Жалал-Абад облусунда экени аныкталган. Октябрь РИИБинин кызматкерлери Жалал-Абад облусуна жөнөшүп, шектүү катары 37 жаштагы эки адамды кармашкан. Учурда тергөө иштери улантылууда", - дешти мекемеден.