Орозайым Нарматова күбө катары сурак берип чыкты

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова ИИМге сурак берип чыкты. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

"Тергөө иш-чараларынын алкагында Орозайым Нарматова тергөө кызматына көрсөтмө берүү үчүн алып келинген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө кызматы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
Тиешелүү амалдар жүргүзүлүп, күбө катары суралды. Зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жыйынтыкталган соң Орозайым Нарматова коё берилди", - дешти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, бүгүн, 10-сентябрь күнү таңга жуук "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Ош аэропортунан укук коргоо органдары тарабынан кармалгандыгы маалымдалган. Өз кезегинде Ички иштер министрлиги Орозайым Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүнө карата терс чакырыктарды жасаган белгилер бар экендигин айтты.

Кийинчерээк Нарматованын Өзгөндөгү үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү материалдарды Бишкек шаарына жөнөтүлгөнү маалымдалды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2021-09-10 23:40:22
Ушул суракты алыш үчүн россияга учуп кетип аткан жеринен кармаш керек беле? Ага чейин үйүндө жүрдүго, ошол кезде неге чакырбадыңар??
0
Antiradikal3
2021-09-10 23:54:42
Кубонун уйу тинтилген факт Кыргызстанда гана болсо керек.............
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан