Өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын вице-президенти Фуат Октайды кабыл алды.
Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу жана алгылыктуу маселелери боюнча пикир алмашышты.
Мамлекет башчысы дипломатиялык алакалар түзүлгөндөн бери Кыргыз өлкөсү менен Түркия эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамлекеттер ортосундагы кызматташуунун бекем пайдубалын түптөшкөнүн өзгөчө белгиледи. Кыргыз тарап мындан ары дагы эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен биргелешкен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр.
Ал бүгүн болуп өткөн эки тараптуу иш-чаралар, анын ичинде кыргыз-түрк бизнес-форуму биргелешкен соода-экономикалык өнөктөштүктү өстүрүүгө өбөлгө болоруна ишеним артты.
Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап стратегиялык мүнөзгө ээ болгон эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Түркиянын вице-президенти Фуат Октай кыргыз тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровго жана жалпы кыргыз элине Режеп Тайип Эрдогандын жылуу саламын жолдоду.
Ал Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар эки тарап менен тең жемиштүү ишке ашырылып жатканын канааттануу менен белгиледи.
Фуат Октай ушул жылдын 8 айында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн оң динамикасы байкалганын, тараптар аны акырындык менен жылына 1 миллиард долларга чейин жеткирүү ниетинде экенин белгиледи.
Түркия вице-президенти саламаттыкты сактоо, билим берүү, энергетика, кен пайдалануу жана эки тарапка кызыкчылык туурдурган башка тармактарда биргелешкен кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.