Бишкекке 210 жаңы автобус алып келинди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-сентябрда "Ала-Тоо" аянтында жаңы автобустардын презентациясы болуп өттү.
"Бул 210 автобус экологияга зыян келтирбейт. Ошол замат башкы аянттан экологиялык таза, кенен жана таза автобустар маршруттар боюнча жөнөп кетишти. Бүгүн муниципалитет акырындык менен транспорт маселелерин чечип, түтүнгө каршы чараларды көрүүдө", - деп жазылат маалыматта.