Бүгүн, 11-сентябрда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган министрликке Садовое айылынын Фрунзе көчөсүнүн №305 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 14:33тө Москва райондук өрт өчүрүүчүлөр тартылган. Турак үйдөн чыккан өрт саат 15:50дө чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен 1940-жылы туулган Ф.В. аттуу аял күйүк алып, райондук ооруканага "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилген. Абалы канааттандырарлык. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.