"Ата Мекен" менен "Реформа" партиялары коалиция түзүштү. Бул тууралуу "Реформа" партиясынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Реформа" менен "Ата Мекен" саясий партиялары күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого бирге баруу максатында демократиялык коалиция түзүү меморандумуна кол коюшту. Демократиялык күчтөрдү биригүүгө чакырабыз", - деп жазылат билдирүүдө.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.