Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Түркмөнстандагы №9011 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Белгилей кетсек, министр бүгүн, 28-ноябрда президент Садыр Жапаров менен биргеликте Түркмөнстанга жумушчу сапар менен учуп кетти.