Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округу боюнча дагы бир талапкер арыз берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Атамша Дурсуновдон парламенттик шайлоодо Ысык-Ата №30 шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз түштү.
Буга чейин Арсланбек Малиевден Жети-Өгүз №34 шайлоо округу боюнча, Акылбек Сариевден №33 Нарын шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арыз түшкөн.
Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт.