Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда кайра шайлоо өткөрүлөт

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда "баарына каршы" добушу эң көп топтолду. Эми аталган округдарда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Мындай маалымат Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгилүү болду. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, талапкерлер жетиштүү добушка ээ болбой, каршы добуш эң көп топтолсо автоматтык түрдө кайра шайлоо болот. Азырынча шайлоо качан өтөрү белгилене электигин кошумчалашты БШКдан.

Белгилей кетсек, Биринчи Майда бардыгына каршы добуш 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз болду.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жыйынтыкталды.

Добуш берүү жараяны эртең менен саат 08:00дө старт алып, жалпы 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандарын тейледи.

VII чакырылышка жалпы 90 депутат өтөт. Ага 21 партиядан талапкерлер жана бир мандаттуу шайлоо округунан 286 талапкер ат салышты. Анын ичинен 54 мандат партиядан коюлган талапкерлерге берилсе, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдан жеңип чыккандар болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Datka7777
2021-11-30 05:14:17
Туура кылды базаркомдорду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан