Бүгүн, 14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча сот чечим чыгарды.
Анда 5 айыпталуучунун иши каралып, аларды сот күнөөлүү деп тапты.
Замирбек Раманкулов, Кубаныч Токон уулу 6 жыл 6 айга эркинен ажыратылса, Сыймык Молдосариев, Ажыкабыл Рысбай уулу, Орузбек Нурумбетов 7 жылга эркинен ажыратылды.
Ошондой эле ар бир соттолуучу 100 миң сом өлчөмүндө жабырлануучу тарапка айып төлөөгө милдеттендирилди.
Окуянын чоо-жайы:
27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.
Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.
Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.
Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүүдө.
8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилген. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган.
30-апрелде Бишкек ШИИББи Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө амалдары аяктап, иш сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган.