Мелис Аспековдун жактоочусу ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындоону талап кылууда

УКМК тарабынан кармалган Мелис Аспековдун жактоочусу Сергей Манукян анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылууда. Бул тууралуу жактоочуга байланышканыбызда маалым болду.

Анын айтымында, Аспеков учурда менчик клиникалардын биринде операциядан кийин дарылануусун улантууда.

"Аспековдун жүрөгүнө менчик клиникалардын биринде 26-августта операция жасалды. Учурда ал дарылануусун улантып жатат.

Аспековду СИЗО-1ден бошотуу үчүн өтүнүч бердим.

Ага карата соттук-медициналык экспертиза өткөрүүнү тергөө судьясы канааттандырган жок.

Мен алгач Аспековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча тергөөчүлөргө кайрылдым. Бирок алар кайрылуумду канааттандырышкан жок. Андан соң тергөө судьясына кайрылдым. Алар дагы баш тартты. Азыркы учурда кайрадан тергөө судьясына кайрылдым. Шаардык сотко апелляция бердик.

Жазык кодексинин 118-берене боюнча баш коргоо чарасы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен өзгөртүүгө болот.

Жазык-процессуалдык кодексинин 171-беренесинде "экспертиза дайындоо тартиби" айыпкерди текшерүү анын физикалык же психологиялык абалына соттун күмөн саноосу болсо гана жүргүзүлөт деп айтылат. Бул жерде айыпталуучу өз эрки менен экспертиза дайындай албайт. Ошол эле учурда мыйзам айыпталуучуну ооруну аныктоо үчүн экспертизалар дайындалышы керек болгон учурду өткөрүп жиберген", - деп билдирди Манукян.

Буга чейин Мелис Аспеков инфаркт алып ооруканага жаткырылган.

Мелис Аспеков 8-январда УКМК тарабынан кармалган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынган. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.

Кийин тергөө абагында отурган активист Аспеков Фейсбуктагы баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ички иштер министрлиги анын бул билдирүүсүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан